Adana Adıyaman Afyon Ağrı Aksaray Amasya Ankara Antalya Ardahan Artvin Aydın Balıkesir Bartın Batman Bayburt Bilecik Bingöl Bitlis Bolu Burdur Bursa Çanakkale Çankırı Çorum Denizli Diyarbakır Düzce Edirne Elazığ Erzincan Erzurum Eskişehir Gaziantep Giresun Gümüşhane Hakkari Hatay Iğdır Isparta İstanbul İzmir K.Maraş Karabük Karaman Kars Kastamonu Kayseri Kırıkkale Kırklareli Kırşehir Kilis Kocaeli Konya Kütahya Malatya Manisa Mardin Mersin Muğla Muş Nevşehir Niğde Ordu Osmaniye Rize Sakarya Samsun Siirt Sinop Sivas Şanlıurfa Şırnak Tekirdağ Tokat Trabzon Tunceli Uşak Van Yalova Yozgat Zonguldak
İstanbul °C

Президент Садыр Жапаров ЕККУнун Башкы катчысы Хельга Мария Шмидди кабыл алды

Президент Садыр Жапаров ЕККУнун Башкы катчысы Хельга Мария Шмидди кабыл алды
REKLAM ALANI
07.06.2023
A+
A-

 

 

Президент Садыр Жапаров ЕККУнун Башкы катчысы Хельга Мария Шмидди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-июнда, Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып жүргөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) Башкы катчысы Хельга Мария Шмидди кабыл алды.

 

 

 

Өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле жакынкы келечекте кызматташуунун приоритеттери тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы ЕККУнун Башкы катчысы менен учурашып, өлкөбүзгө – социалдык-экономикалык өнүктүрүү, коопсуздукту чыңдоо, сот жана укук коргоо органдарына көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди

“Кыргызстан ЕККУну консенсус принцибине негизделген коопсуздук жана кызматташтык маселелери боюнча катышуучу мамлекеттердин ортосунда тең укуктуу жана өз ара урматтоо диалогу үчүн маанилүү көп тараптуу аянтча катары карайт”, – деп, Садыр Жапаров ЕККУнун Бишкектеги программалар кеңсесинин ишмердигин оң баалай турганын белгиледи.

Ошону менен бирге Президент төмөнкү багыттар боюнча ЕККУнун Кыргызстандагы долбоордук ишмердигин күчөтүү максатка ылайыктуу деп эсептейт, алар: чек ара коопсуздугун чыңдоо, укук коргоо органдарын реформалоону мындан ары колдоо жана алардын дараметин бекемдөө, электрондук коммерцияны өнүктүрүү, айрыкча өлкө региондорунда ишкердикти колдоо.

Мамлекет башчысы быйыл Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрө күнүнүн 50 жылдыгын белгилеп жатканын эскертип, глобалдуу деңгээлде көтөрүлгөн тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү маселелерине кенен токтолду. Тактап айтканда, Садыр Жапаров климаттык өзгөрүү кесепеттерине байланыштуу өлкөнүн экономикалык саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп «жашыл экономиканы» илгерилетүү, экологиялык таза технологияларды ишке киргизүү жана айлана-чөйрөнү коргоо саналарын айтты. Кыргызстан эл аралык өнөктөштөр менен «жашыл демилгелерди» илгерилетүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар.

Өз кезегинде Хельга Мария Шмид Президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан уюмдун эң маанилүү өнөктөшү жана катышуучу-өлкөсү экенин белгиледи.

 

 

 

Ал тоолуу өлкөлөрдү коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын көтөрүп жаткан демилгелерин жана аракеттерин жогору баалап, уюмдун БУУнун тоо өнөктөштүгүнө кошулгандыгын канааттануу менен белгиледи.

ЕККУнун Башкы катчысы ЕККУ Кыргызстан жана Борбор Азия менен эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин дагы бир жолу ырастады.

 

 

5 сүрөт 9 mbФотогалереяны жүктөө
2023-жыл
facebook sharing buttontwitter sharing buttonvk sharing buttonodnoklassniki sharing buttonwhatsapp sharing buttonprint sharing buttonemail sharing button

kaynak:https://president.kg/kg/okujalar/24967_prezident_sadir_ghaparov_ekkunun_bashki_katchisi_helga_mariya_shmiddi_kabil_aldi

 

 

 

REKLAM ALANI